Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Санитардык-гигиеналык лаборатория

2016-жылдын 25-апрелинен баштап № KG 417 / КЦА.ИЛ.104 аккредитация жөнүндө күбөлүк

Лабораториянын иши мамлекеттик санитардык көзөмөлдү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу менен байланышкан лабораториялык сыноолорду / өлчөөлөрдү ишке ашырууга багытталган.

Табигый, өндүрүштүк жана социалдык чөйрөдө адамдар үчүн коркунучтуу болгон химиялык жана физикалык факторлорду өлчөө жана сыноо объектилеринин кеңири спектрин лабораториялык контролдоону жүргүзөт.

  • тамак-аш азыктары;
  • өндүрүш чийки зат;
  • азык кошулмалары;
  • алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар, анын ичинде улуттук суусундуктар;
  • ичүүчү суу, ачык суу сактагычтардын суусу, агынды суу;
  • балдардын оюнчуктары, буюмдары жана өндүрүштүк-техникалык жана тиричилик багытындагы буюмдар.

Ошондой эле, курчап турган жаратылыш, өндүрүштүк жана социалдык чөйрөнүн химиялык жана физикалык факторлорун өлчөө жүргүзүлөт.

Санитардык-гигиеналык лабораториянын курамына төмөнкүлөр кирет: тамак-аш гигиенасы, коммуналдык гигиена, эмгек гигиенасы лабораториялары, инженердик топ, виварий.

Тамак-аш гигиенасы лабораториясы – тамак-аш азыктарынын, азык-түлүк чийки заттарынын, тамак-аш кошулмаларынын сапатын текшерет; алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар, анын ичинде улуттук суусундуктардын коопсуздугу жана азыктык баалуулугу (калориялуулугу) боюнча иш жүргүзөт.

Коммуналдык гигиена лабораториясы – ичүүчү суунун анын ичинде бөтөлкөдөгү, минералдык жана медициналык ашкана, ачык суу сактагычтар, бассейндер, ошондой эле аларды дезинфекциялоочу каражаттардын сапатына тестирлөө жүргүзөт.

Эмгек гигиенасы лабораториясы – өнөр жай ишканаларында, коммуналдык объектилерде, устаканаларда, мектепте жана мектепке чейинки мекемелерде ж.б. мекемелерде санитардык-гигиеналык баалоо максатында жумушчу зонанын абасында жана жабык жайлардын абасында 25тен ашык ингредиенттер үчүн зыяндуу заттардын концентрациясы боюнча изилдөө жүргүзөт. Ошондой эле, ал өндүрүштүк-техникалык жана тиричилик багытындагы балдардын оюнчуктарынын жана эл керектөөчү товарлардын коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча тестирлөнүү жүргүзөт.

Инженердик топ – инструменталдык өлчөөлөрдү төмөнкү физикалык факторлор боюнча жүргүзөт: туруктуу жана туруктуу эмес ызы-чуу, ЖК тарабынан түзүлгөн электромагниттик талаа, туруктуу магнит талаасы, 50 Гц жыштыктагы электр жана магнит талаасы, жогорку жана ультра жогорку жыштыктагы электр жана магнит талаалары, жарык берүү, жалпы жана жергиликтүү титирөө, микроклимат.

Виварий – эксперименталдык жаныбарларды багууга жана теринин дүүлүгүүсү жана көздүн былжыр челине тийгизген таасири боюнча эл керектөөчү товарларды текшерүү үчүн бөлмө.

Персоналдын квалификациясын тастыктоо жана Сапатты башкаруу тутумунун (СМЖ) талаптарына шайкештиги тастыктоо максатында лаборатория башка лабораториялар менен лаборатория аралык салыштыруу тесттерине, ошондой эле эл аралык провайдерлер менен профессионалдык тестирлөөгө катышат (ФАРАС-Улуу Британия, Стилаб-Россия, ФБУЗ ФТСГиЕ Роспотребнадзор-Россия, ФГУП УНИИМ-Россия, Кыргыз Республикасына караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык агенттиги)

Баалар тизмеси