Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 21-сентябрындагы
N 493 токтомуна)

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча
МАМЛЕКЕТТИК КЕПИЛДИКТЕР ПРОГРАММАСЫ

1. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары, алар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга болгон жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыздайт.

2. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардамдын көлөмү милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консолидацияланган бюджетинин каражаттарынан саламаттык сактоону каржылоонун чегинде аныкталат.

3. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:

- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу мамлекеттик орган;

- жарандардын айрым категорияларын дары менен камсыз кылуу жана Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү фондунун каражаттарынан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо бөлүгүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

4. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөр ушул Мамлекеттик кепилдиктер жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программасын аткарууга милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдары жана дарыкана мекемелери тарабынан көрсөтүлөт.

5. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам алуу үчүн шарт болуп кайрылган пациенттин инсандыгын ырастаган документтин, жеңилдик алууга укугун ырастаган күбөлүктүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталуунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу статусунун, адистен жолдомонун болушу эсептелет.

6. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү жана көлөмү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-3-тиркемелерде берилген.


Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
ТАРТИБИ
2-глава. Баштапкы медициналык-санитардык жардам
5. Амбулаториялык деңгээлде баштапкы медициналык-санитардык жардам Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда/Жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда (мындан ары - ҮМБ/ЖДПБ), анын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда/фельдшердик-акушердик пункттарда (мындан ары - ҮДТ/ФАП) төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун адистери.

Амбулаториялык деңгээлде баштапкы медициналык-санитардык жардам медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакетин жана кошумча лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн пакетин камтыйт.

6. Базалык пакет төмөнкү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:

1) профилактика:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу;
- Улуттук профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык иммунизация өткөрүү;
- эпидемияга каршы иштер (инфекция очокторунда);
- оорулууларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өзүн-өзү контролдоого жана өзүнө жана өз ара жардамдашууга окутуу.

Профилактика төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн камтыйт:

1 жашка чейинки балдар үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:
- темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;
- ымыркайлардын сарыгына скрининг;

1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:
- темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;

6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:
- темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;
- көрсөткүчтөр боюнча психологиялык активдүү заттарды колдонууга скрининг жүргүзүү;

кош бойлуу аялдар жана энелер үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:
- темир препаратын профилактикалык дайындоо;
- йод препараттарын профилактикалык дайындоо;
- фолаттарды профилактикалык дайындоо;
- гельминттерге каршы препараттарды профилактикалык дайындоо;
- ацетилсалицил кислотасын профилактикалык дайындоо (преэклампсияга жогорку тобокелдик топторунда);
- репродуктивдик курактагы аялдарда анемияны аныктоо (кандын жалпы анализи),
- кош бойлуу аялдардын заара-жыныс органдарынын жашыруун инфекциясын аныктоо - Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);
- тынчсызданууну жана/же депрессияны аныктоо үчүн скрининг;
- көрсөткүчтөр боюнча психологиялык активдүү заттарды колдонууга скрининг жүргүзүү;

жугуштуу эмес оорулар боюнча профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:
- жашоо образы, тамактануу боюнча консультациялар, психологиялык активдүү заттардын (тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктер, баңги заттар) зыяндуулугу жөнүндө аңгемелешүү;
- кант жана кант эмес диабетти аныктоо үчүн скрининг - кандагы жана заарадагы кантты аныктоо;
- артериялык гипертензияны аныктоо;
- артериялык кан басымын контролдоо;
- кант диабети бар пациенттердин канындагы гликирленген гемоглобиндин деңгээлин жылына 1 жолу аныктоо жолу менен кант диабетинин алгачкы татаалдашын аныктоо үчүн скрининг: (диабеттик таман жана диабеттик ретинопатия);
- тобокелдик факторлорун (жынысы, жашы, тамеки чегүү, жалпы холестерин, дене салмагынын индекси, кан басымы) аныктоо жолу менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык пациенттерде жүрөк-кан тамыр тобокелдигин баалоо;
- аялдардын кеңири тараган онкологиялык ооруларын аныктоо (эмчекти жана жатын моюнчасын профилактикалык текшерүү);

2) диагностика:
- врачтын кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен (оорулуунун даттанууларын сурамжылоо, оорунун жана жашоонун анамнезин чогултуу, оорулууну кароо (пальпация, перкуссия, аускультация, дем алуу жыштыгын, жүрөктүн кагышын эсептөө, пульс, артериялык басымды, сатурацияны өлчөө), болгон анализдерди интерпретациялоо, алдын ала диагноз коюу, көрсөткүчтөр болгон учурда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү, пландуу дарылоону дайындоо, текшерүүлөргө жолдомо же госпиталдаштыруу үчүн көрсөткүчтөр болгондо стационарга жолдомо берүү).

Базалык лабораториялык изилдөөлөр:
- кандын жалпы анализи (гемоглобин, лейкоциттер, эритроциттердин чегүү ылдамдыгы);
- зааранын жалпы анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы;
- уретрадагы мазоктун микроскопиясы (заара чыгаруучу каналдын (уретранын) микрофлорасынын курамын аныктоо, ошондой эле трихомонад жана гонококк сыяктуу бир катар спецификалык козгогучтарды аныктоо);
- вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
- какырык анализи (мазок микроскопиясы);
- кандын сывороткасындагы глюкозаны аныктоо;
- заарадагы глюкозаны аныктоо;
- кандын сывороткасындагы жалпы холестеринди аныктоо;
- электрокардиограмма;
- кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган пациенттерге - жылына 1 жолу);
- Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);
- 18 жашка чейинки балдардын көрүү курчтугун өлчөө.

3) дарылоо:
- кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
- иммобилизация;
- медикаментоздук дарылоону дайындоо;
- медициналык буюмдарды бербестен, медициналык инъекцияларды жасоо (кан тамырга, булчуңга, тери алдына).

7. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети үй-бүлөлүк медицина борборлорунда/жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда ҮДТда катталган бардык Кыргыз Республикасынын жарандарына, качкындарга жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдарга, ошондой эле статусун ырастоочу күбөлүгү болгондо кайрылмандарга акысыз көрсөтүлөт.

8. Кош бойлуу аялдар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети:

1) физиологиялык кош бойлуулугу менен:
- кандын жалпы анализи;
- зааранын жалпы анализи;
- заарадагы белокту аныктоо;
- кандын тобу;
- АИВге текшерүү;
- түйүлдүктү ультра үн аркылуу текшерүү;
- сифилиске изилдөө жүргүзүү;
- гонореяга изилдөө жүргүзүү;
- глюкозага толеранттуулукту пероралдык текшерүү;
- гемоглобиндин деңгээли;
- кындан жана цервикалдык каналдан материал алуу;
- Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта), көрсөткүчтөр боюнча трихомониазга текшерүү;
- көрсөткүчтөр болгондо кургак учукка текшерүү;
- психологиялык активдүү заттарды колдонууну аныктоо;
- эмчек эмизүү, жаңы төрөлгөн дени сак баланы багуу, төрөттөн кийинки контрацепция жана үй-бүлөнү пландоо, эненин жана жаңы төрөлгөндүн кооптуу белгилери, тамактануу, төрөттөн кийинки жашоо образы жана режим жөнүндө профилактикалык маектер;

2) кош бойлуулуктун патологиясы менен, анын ичинде кургак учук жана АИВ менен:
- амбулаториялык адистештирилген медициналык жардам;
- жогору тобокелдик фактору бар кош бойлуу аялдарды кароо;
- көрсөтмөлөрү болгон учурда госпиталдаштыруу;
- төрөттөн кийинки мезгилде 10 жумага чейин аялды кароо;
- төрөттөн кийинки патронаж/үй-бүлөлүк дарыгердин/медициналык айымдын төрөгөн аялдын үйүнө баруусу;
- депрессияны/катаал мамилени аныктоо үчүн скрининг жана адистештирилген амбулаториялык жардам;
- эмчек эмизүү, жаңы төрөлгөн дени сак балага кам көрүү, төрөттөн кийинки контрацепция жана үй-бүлөнү пландоо, эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын кооптуу белгилери, тамактануу, төрөттөн кийинки жашоо образы жана режим жөнүндө окутуу.

9. 1 жашка чейинки балдар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети төмөнкүлөрдү камтыйт:
- патронаж/үй-бүлөлүк дарыгердин/медициналык айымдын үйгө баруусу;
- кароо жана консультация:
- физикалык, нерв-психикалык өнүгүүнү баалоо;
- Улуттук эмдөө календарына ылайык эмдөөдөн өткөрүү;
- көрсөткүчтөр болгондо бир багыттагы адистердин консультациясы;
- көрсөткүчтөр болгондо лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү дайындоо.

10. 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кароо жана консультация:
- физикалык, нерв-психикалык өнүгүүнү баалоо;
- Улуттук эмдөө календарына ылайык эмдөө жүргүзүү;
- темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;
- көрсөткүчтөр болгондо лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү дайындоо;
- көрсөткүчтөр болгондо бир багыттагы адистердин консультациясы;
- үйдөгү патронаж/үйгө баруу.

11. 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакети төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кароо жана консультация:
- физикалык, нерв-психикалык өнүгүүнү баалоо;
- Улуттук эмдөө календарына ылайык эмдөө жүргүзүү;
- көрсөткүчтөр болгондо лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү дайындоо;
- темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;
- флюорография;
- көрсөткүчтөр болгондо бир багыттагы адистердин консультациясы;
- тынчсызданууну жана депрессияны аныктоо, суицид коркунучун баалоо;
- психологиялык активдүү заттарды колдонууну текшерүү.

12. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык пакеттерин көрсөтүү шарттары:
- кош бойлуу аялдарга акысыз көрсөтүлөт;
- 0 жаштан 18 жашка чейинки балдарга акысыз көрсөтүлөт.

13. Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн кошумча пакети:

гематологиялык:
- кандын жалпы анализи (гемоглобин, эритроциттер, лейкоциттер, түстүү көрсөткүч, гематокрит, ретикулоциттер, тромбоциттер, эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы);
- кандагы ретикулоциттерди эсептөө;
- кандагы базофилдик дан түрүндөгү эритроциттерди эсептөө;
- безгекке изилдөө жүргүзүү ("калың тамчы", кандын мазогу);

кан уюу системасы:
- кандын уюу убактысын аныктоо;
- кан агуу убактысын аныктоо;
- протромбиндик убакытты аныктоо;
- кан плазмасында тромбин убактысын аныктоо;
- кан плазмасында фибриногенди аныктоо;
- кан плазмасында активдештирилген жарым-жартылай плазмалык тромбопластин убактысын аныктоо (АЖПТ);

жалпы клиникалык:
- Зимницкий боюнча заара анализи;
- Нечипоренко боюнча заара анализи;
- заарадагы суткалык протеинурияны аныктоо;
- БКга какырыктын бактериоскопиясы (кургак учукка какырыктын анализи);
- урогениталдык мазокту жалпы клиникалык изилдөө;
- заңды изилдөө (копрограмма);
- заңда жашыруун канды аныктоо;

биохимиялык:
- кандын сывороткасындагы жалпы билурубинди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы түз билирубинди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы тимол үлгүсү;
- кандын сывороткасындагы жалпы белокту аныктоо;
- кандын сывороткасындагы альбуминди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы креатининди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы мочевинаны аныктоо;
- кандын сывороткасындагы аланинаминотрансферазды (АлТ) аныктоо;
- кандын сывороткасындагы аспартатаминотрансферазды (АсТ) аныктоо;
- кандын сывороткасындагы темирди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы калийди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы кальцийди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы магнийди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы натрийди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы заара кислотасын аныктоо;

иммунологиялык методдор:
- кан сывороткасындагы "О" антистрептолизинди аныктоо;
- кандын сывороткасындагы С-реактивдүү белокту (СРБ) жарым сандык/сапаттык жактан аныктоо;
- кандын сывороткасында бруцеллезге Хеддельсон реакциясын коюу;
- кандын сывороткасында бруцеллезге Райт реакциясын коюу;
- кандын сывороткасында HBs-Ag аныктоо (В гепатитинин вирусунун үстүртөн алынган антигени);
- сифилиске микрореакция (RPR-тест), кандын сывороткасында Вассерман реакциясын коюу;

инструменттик:
- флюорография;
- эзофагогастродуоденоскопия;
- ультра үн изилдөөсү (ички органдарды, жамбашты жана бездерди);
- рентгенография (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдары, сөөктөр жана жумшак ткандар).

14. Жолдомо болгон учурда кошумча лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн шарттары:
- ультра үн изилдөөсү (ички органдарды, жамбашты жана бездерди) жана рентгенография (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдарын, сөөктөрдү жана жумшак ткандарды) ушул Тартиптин 17-главасынын 1-3-параграфтарында көрсөтүлгөн адамдарга монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Баалардын прейскуранты (мындан ары - Баалардын прейскуранты) боюнча медициналык кызматтын наркынан 50% жеңилдик менен көрсөтүлөт;
- кошумча пакетке кирген лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр (ушул Тартиптин 13-пункту), ультра үн изилдөөсүнөн (ички органдар, жамбаш жана бездер) жана рентгенографиядан (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдары, сөөктөр жана жумшак ткандар) тышкары ушул Тартиптин 17-главасынын 1-3-параграфтарында көрсөтүлгөн адамдарга (камсыздандырылган адамдар, социалдык-аялуу категория, медициналык көрсөткүчтөр боюнча) акысыз көрсөтүлөт;
- камсыздандырылбаган калк үчүн кошумча лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр Баалардын прейскурантына ылайык акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.

15. Ушул Программа менен аныкталган кошумча пакетке кирбеген лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жарандар Баалардын прейскурантына ылайык төлөшөт.

16. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлер практикалык борборлордо тиешелүү адистер жана/же лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн шарттар жок болсо (кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо), аталган изилдөөлөр келишимдин негизинде саламаттык сактоонун башка уюмдарында жүргүзүлөт. Изилдөө үчүн акы пациентти жиберген саламаттык сактоо уюму тарабынан төлөнөт. Изилдөө жүргүзүлүп жаткан саламаттык сактоо уюмунда пациенттен кошумча акы алынбайт.

Жиберген саламаттык сактоо уюму менен ушул Тартиптин базалык же кошумча пакетине кирген бул кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн акы төлөөгө алып келген лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүү кызматтарын көрсөткөн саламаттык сактоо уюмунун ортосунда келишим жок болсо, жиберген саламаттык сактоо уюму төлөнгөн сумманы пациенттен түшкөн арыздын негизинде төлөгөндүгү жөнүндө квитанция болгондо пациентке кайтарып берет.

17. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, ошондой эле катталбаган калкка жеңилдиктерге укуктарынын болушуна көз карандысыз көрсөтүлүүчү кызматтар баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

18. Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына жумушка, окууга кирүүдө, айдоочулук күбөлүктөрдү жана куралдарды алууда, ошондой эле декреттелген контингенттин жарандарынын ден соолугунун абалын пландуу медициналык күбөлөндүрүүдө жарандардын ден соолугунун абалын медициналык күбөлөндүрүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипке ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт, буга бюджеттик мектепке чейинки балдар мекемелеринин, орто жалпы билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери кирбейт.
Глава 15. Иммунопрофилактика/вакцинация
91. Иммунопрофилактика/вакцинация саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Профилактикалык эмдөөлөрдүн жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында жүргүзүлөт.

92. Профилактикалык эмдөөлөрдүн жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында жүргүзүлүүчү иммунопрофилактика/вакцинация мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору, үй-бүлөлүк медицина борборлору, жалпы дарыгердик практика борборлору, стационарлар тарабынан жүзөгө ашырылат.

93. Иммунопрофилактика/вакцинация бардык жарандарга акысыз жүргүзүлөт.
17-глава. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алууга укуктуу жарандардын категорияларынын тизмеги
§ 1. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар
1. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр түшүп жаткан иштеген жарандар.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдү өз алдынча төлөгөн адамдар.

3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлөрү.

4. 70 жашка чейинки курактагы пенсионерлер.

5. 16 жашка чейинки курактагы балдар (жалпы билим берүү мекемелеринин, медресенин окуучулары - окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жашка толгонго чейин).

6. Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуздар.

7. Орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери.

8. Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.

9. Ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар.
§ 2. Социалдык статусу боюнча амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу жарандардын категориялары
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары.

2. Баткен окуяларынын майыптары.

3. Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун Баатырлары.

4. Концлагерлердин жашы жете элек туткундары.

5. Ленинград шаарынын блокадачылары.

6. Советтик Армиянын майыптары.

7. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары жана майыптары.

8. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан жарандар (радиациялык авариялардын кесепеттеринен улам пайда болгон оорулардан жапа чеккендер; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар, ошондой эле майып болуусу чернобылдагы кыйроо менен себептик байланышы аныкталган майыптар; 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар; Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуда курман болгондордун жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен улам пайда болгон оорулардан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрү; 1986-жылы четтетүү зонасынан Кыргыз Республикасына эвакуацияланган (өз ыктыяры менен келген) же көчүрүлүп келген адамдар, ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан өз ыктыяры менен келгендер; Чернобыль АЭСиндеги авариядан кийин жашаган зонасынан ыктыярдуу түрдө кечүү укугу менен Кыргыз Республикасына келгендер; көчүрүү зонасында, көчүрүү укугу менен жашаган зонасында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдар; четтетүү, көчүрүү жана көчүү укугу менен жашаган зонасынан Кыргыз Республикасына эвакуацияланган же көчүрүлүп келген балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуацияланган күнү энесинин курсагында болгондор, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын биринчи жана кийинки муундардагы балдары).

9. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жарандар.

10. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күч менен мыйзамсыз түрдө жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандар.

11. Реабилитацияланган жарандар.

12. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана катышуучуларынын жесирлери.

13. Ленинград блокадачыларынын жесирлери.

14. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү.

15. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү.

16. Ички иштер органдарынын курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү.

17. Эмгектик жабыр тартуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.

18. Көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.

19. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучулар.

20. 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар.

21. ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар.

22. ВИЧ-СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдар.

23. Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (I-III топтогу).

24. Багуучусунан ажыраган учурда балдар.

25. Мамлекеттик балдар үйлөрүндө, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (багып алган үй-бүлөлөрдө), жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар үчүн жатак үйлөрдө жашаган жетим балдар.

26. "Баатыр эне" ордени жана "Мать-героиня" ордени менен сыйланган адамдар.

27. 6 жашка чейинки балдар.

28. Балдар үйлөрүнүн, үй-интернаттардын ата-энелеринин камкордугусуз калган 23 жашка чейинки курактагы бүтүрүүчүлөрү.

29. 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлер.

30. Аскердик-врачтык комиссиялар тарабынан амбулаториялык деңгээлде медициналык текшерүүгө же стационардык шартта дарыланууга жиберилген анык аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандар.

31. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарында квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болбогон учурларда.

32. Алдын ала тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жазасын өтөп жаткам адамдар, жатак-абакта мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар пациенттин өмүрүнө коркунуч туудурган кечиктирилгис абал пайда болгон учурларда, аларга пенитенциардык системанын медициналык кызматтарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу изоляторунда медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда.

33. Карылар үчүн жатак үйлөрүндө жашаган жарандар.

34. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдагы июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энеси (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенде, эгерде курман болгон адам алардын жалгыз баласы болсо; балдары он сегиз жашка чыкканга чейин), ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил зыян келтирилип, соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталгандар; алган жаракаттарынын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катары таанылгандар.

35. Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келген этностук кыргыздар кайрылман статусу бар болсо.

36. Пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробациянын кардарлары.
§ 3. Амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда негизги оорусунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу жарандардын категориялары
1. Кош бойлуулук боюнча каттоодо турган аялдар.

2. Кош бойлуулук патологиясы бар стационардык дарылоодогу аялдар (негизги диагнозу боюнча).

3. Социалдык жана медициналык көрсөткүчтөрү боюнча бойдон алдыруу үчүн келген аялдар.

4. Төрөө үчүн келген аялдар.

5. Төрөттөн кийинки 10 жуманын ичинде төрөттөн кийинки кошумча оорулары менен аялдар.

6. Кургак учук менен ооругандар.

7. Бронх астмасы менен ооругандар.

8. Терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.

9. Психикалык бузулуу менен ооругандар (параноиддик шизофрения, өнөкөт жөөлүү менен коштолгон бузулуулар, ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар).

10. Эпилепсия менен ооругандар.

11. Кант диабети менен ооругандар.

12. Кантсыз диабет менен ооругандар.

13. Өтө кооптуу жана карантиндик инфекциялар (ич келте, паратиф, сибирь жарасы, чума) менен ооруган адамдар жана алар менен байланышта болгондор.

14. Кутурма оорусу менен ооругандар жана оорулуу менен байланышта болгон жана кутурма оорусун жуктуруп алуусу мүмкүн болгон адамдар.

15. Менингококктук менингит менен ооругандар.

16. Гемофилия менен ооругандар.

17. Лабораториялык текшерүүлөр менен ырасталган жана ырасталбаган коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандар.

18. 4-5-баскычтагы В жана С гепатити менен ооругандар (боордун өнөкөт жетишсиздиги, боордун циррозу).
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын
2-тиркемеси
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
ТАРТИБИ
1. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жана ҮМБ/ЖДПБга катталган шартта Кыргыз Республикасында медициналык-санитардык жардам ала алышат.

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каттоосу жана адистин жолдомосу болгон учурда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде каралган көлөмдө жана шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алышат, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинин 10-главасында көрсөтүлгөн амбулаториялык шарттардагы гемодиализ кызматтары. Гемодиализ кызматтары медициналык кызмат көрсөтүүнүн толук наркын төлөө менен көрсөтүлөт;
- химиялык терапия бөлүмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинин 12-главасынын 80-пунктунда көрсөтүлгөн адистештирилген онкологиялык жардам.

Химиялык терапия бөлүмүндө жардам медициналык кызмат көрсөтүүнүн толук наркын төлөө менен көрсөтүлөт:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинин 14-главасында көрсөтүлгөн адистештирилген кардиохирургиялык жардам;
- кургак учук менен ооругандарга абацилляциядан кийин көрсөтүлүүчү медициналык жардам.

Абацилляцияланган пациенттерге медициналык жардам медициналык кызмат көрсөтүүнүн толук наркын төлөө менен көрсөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган чет өлкөлүк студенттер жылына 1 жолу катталган жери боюнча акысыз медициналык кароодон өтөт.

4. Камсыздандырылган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Мамлекеттик кепилдиктер программасынан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген медициналык кызматтарга Баалардын прейскуранты боюнча акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.

5. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет элдик граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалардын прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомунда аныкталбаган Медициналык кызмат көрсөтүүлөр Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз алдынча бекитилет.
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын
3-тиркемеси
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин иштеген жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
ТАРТИБИ
1. Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин эмгек мамилелеринде турган иштеген жарандары, эгерде аларга карата камсыздандыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык төгүмдөр төлөнсө, камсыздандырылган болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасында иштегендер бирге жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттарда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген иштеген жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү төмөнкү медициналык кызматтарды алат:
- амбулаториялык шарттарда шашылыш, кечиктирилгис медициналык жардамды жана шашылыш консультациялык жардамды;
- баштапкы медициналык-санитардык жардамды;
- амбулаториялык деңгээлде реабилитациялык жана физиотерапиялык жардамды;
- стационарды алмаштыруучу жардамды;
- амбулаториялык шарттарда (АДБ/КДБ) адистештирилген медициналык-санитардык жардамды;
- дарылык жана вакциналык камсыздоону;
- амбулаториялык деңгээлде жарандарды жеңилдетилген дарылык камсыздоо;
- стоматологиялык жардамды;
- адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гемотологиялык, кардиохирургиялык жардамдарды камтыган стационардык жардамды;
- паллиативдик жардамды;
- иммунопрофилактиканы/вакцинацияны.

4. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык медициналык кызматтар Кыргыз Республикасынын жарандарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандар катары ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде каралган көлөмдө жана шарттарда көрсөтүлөт.

5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүү максатында эмес жүргөн жарандарын медициналык тейлөө чет өлкөлүк жарандар катары ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 2-тиркемесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда жүргүзүлөт.
2024 © Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору