Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
ЦГСЭН г. Бишкек

Категории граждан, которым услуги лабораторных исследований предоставляются бесплатно

  • Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына;
  • Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын майыптарына;
  • Эл аралык террористер менен күрөшүүдө согуш аракеттеринин жүрүшүндө жабыркаган жарандарга жана майып болгондорго;
  • Улуу Ата-Мекендик согуш жылдары оорукта аскердик кынтыксыз
  • аскердик кызмат өтөгөн жана өз жанын аябагандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жарандарга;
  • Советтер Союзунун Баатырларына жана 3 даражалуу Даңк ордени менен сыйланган адамдарга;
  • Социалдык эмгектин Баатырларына;
  • 1-даражадагы Манас ордени менен сыйлангандарга жогорку деңгээлдеги “Кыргыз Эл Баатыры” артыкчылыгы менен сыйланган жарандарга;
  • Башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкандарга;
  • Чернобыль АЭСтин авариясынан жабыркаган жарандарга (радиациялык авариянын кесепети козгогон оорудан жабыркаган адамдарга; 1986-1987-жж. Чернобыль АЭСтин авариясынын кесепеттерин жок кылуу боюнча иштерге катышкан адамдарга, ошондой эле Чернобыль катастрофасынан майып (инвалид) болгондугу аныкталган майыптарга; 1988-1989-жж. Чернобыль АЭСтин авариясынын кесепеттерин жок кылуу боюнча иштерге катышкан адамдарга; Чернобыль АЭСтин авариясынын кесепеттерин жок кылуудан өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө жана Чернобыль АЭСтин авариясы козгогон оорулардын айынан өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө; 1986-жылы Кыргыз Республикасына Чернобыль АЭС катастрофа болгон жерден эвакуацияланган (өз эрки менен көчүп кеткен), ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары өз калоолору менен көчүрүлүп келген адамдарга, Чернобыль АЭС авариясынан кийин жашаган жеринен көчүп кетүү укугу менен Кыргыз Республикасына өз ыктыяры менен көчүп келген адамдарга, көчүп кетме зонасында кызмат өтөгөн, көчүп кетме укугу менен жашаган зонада ички иштер органдарынын аскер кызматындагыларга командирлерге жана катардагы аскер кызматкерлерине; эвакуация болгон күнү эненин курсагында болгон, ошондой эле Чернобыль АЭСтин авариясында катышкан жарандардын биринчи жана кийинки муундарды кошо Кыргыз Республикасына эвакуацияланган жана көчүрүлүп келинген балдар, өспүрүмдөр жана 18 жашка чейинки курактагылар);
  • Милдеттүү аскер кызматын аткаруу учурунда жарадар болгондорго жана майыптарга;
  • Профессионалдык же жалпы оорудан 2-3-топтогу эмгек майыптарына;
  • Көз жана кулак боюнча майыптарга;
  • 1-2-топтогу бала чагынан майыптарга;
  • 18 жашка чейнки бала майыптарга;
  • 5 жашка чейинки (4 жаш 11 ай 29 күн) курактагы балдарга;
  • Жетим балдар үчүн интернаттарда, үй-бүлөлүк балдар үйлөрүндө (асыранды үй-бүлөдө) мамлекеттик балдар үйүндө жашаган жетим балдарга, ата-эненин камкорусуз калган балдарга;
  • Карылар үйүндө жана жана интернаттарда жашаган адамдарга;
  • Чыныгы аскердик кызмат өтөөгө чакырыла турган аскердик-доктурдук комиссияга амбулатордук шартта медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж жарандарга;
  • Чыныгы аскердик кызмат өтөөгө чакырыла турган стационарда дарыланууга ҮДТ үй-бүлөлүк доктурлар, ҮМБ ВВК адистери жөнөткөн жарандарга;
  • ЖИКС/СПИД менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун алкагында АИВ/ВИЧ ЖИКС/СПИД дарты менен жашаган адамдарга;
  • 4 жана андан көбүрөөк бойго жетпеген балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына (айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринен же социалдык коргоо органдарынан тактама-справка көрсөткөндө);
  • 75 жаш жана андан улгайган курактагы пенсионерлерге.