Телефон/факс +996 (312) 544-540
Центр государственного санитарно-эпидемиологического надзора города Бишкек
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Сарык оорусунун алдын алуу оңой- ал өздүк гигиенаны сактоо!

2019-жылдын 6 айда боордун сарык оорусунун «А» түрү менен  Бишкек шаарында былтыркы 2018-жылдын 6 айында катталган учурга салыштырмалуу 12,7%га аз катталды, жалпы ооруп кайрылгандардын 80%ын 14 жашка чейинки балдар түзүп, 15 жаштан өйдө ооругандардын саны – 22%ды түздү.

Сарык оорусунун «А» түрү бул курч кармаган  жугуштуу оору, ооруну козгоочу боордун —  «А»  түрүндөгү вирус. Организмге кирген вирустун оору козгоо  процессинде пайда болгон уулуу заттар боордун сезгенүүсүнө алып келет. Боор оорусунун бул түрү ооз көңдөй аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар түрүнө кирет жана бул оору менен ар бир адам ооруп калуусу 100%ды түзөт. Оорунун вирусу адамга тамак-аш жана суу аркылуу жугушу мүмкүн. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кеңири жайылган.

Ооруунун жугуу булагы оорулуу адам. Өзгөчө коркунучтуусу  адам оору белгилери жок, клиникалык белгилерди көрсөтпөгөн ооруулулардан жуктуруп алышы мүмкүн.  А түрүндөгү вирус  бейтаптын  заңы жана  бир азыраагы заарасы аркылуу  бөлүнүп чыгат.

Дени соо адамдарга кир колдор же вирус  алып жүрүүчүлөр аркылуу ооруулунун заңы менен булганган тамак- аштар, суу, тиричиликте колодонулган ар кандай буюм-тайымдар аркылуу жугузулат.

Белгилери кандай болот?

Сарыкты жугузуп алгандан кийин алгачкы бир жума аралыгында көп билинбейт, оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык аралыкта дарттын төмөнкүдөй белгилери пайда боло баштайт: жүрөгү айланып тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ашказан жана оң кабырга тарабы  ооруксунуп, ичи өтөт, дене табы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт, териси жана көзүнүн агы саргаят, зааранын өңү кочкул тартып (түсү кара чай сыяктуу болуп калат) заңдын түсү болсо агыш  тартат. Мындай белгилер байкалса дароо ооруканага жеткирүү керек.

Жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот, мисалы; кир жана булганган сууну колдонууда, жемиштерди жана жашылчаларды чала жууп же жуулбаган абалда колдонууда жуктуруп алуунун пайызы жогору. Илдет тыгыз байланышта же булганган заттар аркылуу адамдан адамга да жугуу мүмкүн, өзгөчө бала бакчадагы уюштурулган балдар топтору үчүн мүнөздүү. Ошол эле учурда ооруну жуктуруп алуудагы маанилүү звенолору көпчүлүк колдонгон идиштер, сүлгү, шейшеп, оюнчуктар жана жеке гигиена буюмдарын болуп саналат.

Тазалыкты ар дайым сактаңыз!

Сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой, алар:

  • өздүк гигиенаны сактоо;
  • кайнатылган же болбосо бөтөлкөдөгү гана сууну ичүү;
  • тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу;
  • жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү сөзсүз түрдө таза жууп алып андан кийин гана пайдалануу:
  • тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү;
  • балакай эшиктен ойноп келгенде жана дааратканадан чыккандан кийин сөзсүз түрдө колун самындап жуудурууга көндүрүү.

Эгерде сарык оорусунун  кандайдыр бир клиникалык симптомдору билине баштаса инфекциянын оор өтүшүн алдын алуу учун сөзсүз медициналык жардамга кайрылуу керек, канчалык эрте кайрылсаңыз ошончо сарык оорусун дарылоо оңойго турат.