Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Кыргыз Республикасынын
Саламаттыкты сактоо министрлигинин
2018-жылдын 22.02
№124 буйругу менен бекитилген

“Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору” 
мекемеси тууралуу Жобо

I. Жалпы жоболор
1.1. “Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору” мекемеси (мындан ары - БШМСЭКБ) Бишкек шаарынын аймагында ооруларды алдын алууну жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу биринчи деңгээлдеги мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму болуп эсептелет.
1.2. БШМСЭКБнын негиздөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги эсептелет.
1.3. БШМСЭКБнын уюштуруучулук укуктук формасы – мекеме.
1.4. БШМСЭКБ өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн жана дагы бул жобону жетекчиликке алат.
1.5. БШМСЭКБнын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - «Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору» мекемеси;
- расмий тилде - Учреждение «Центр государственного санитарно-эпидемиологического надзора г. Бишкек».
БШМСЭКБнын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - БШМСЭКБ;
- расмий тилде - ЦГСЭН г. Бишкек.
1.6. БШМСЭКБнын юридикалык дареги: Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 36 «а».
1.7. Бул жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, саламаттыкты сактоо системасындагы ишмердүүлүктү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана МСЭКБнын уюштуруу тартибин жана ишмердүүлүгүн аныктайт.
II. МСЭКБнын укуктук макамы
2.1. МСЭКБ өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, республикалык бюджеттик, атайын эсептик, депозиттик жана валюталык эсептерге, гербдик мөөргө жана штампка, фирмалык бланкка жана башка реквизиттерге ээ.
2.2. Мүлктөр МСЭКБге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыкчам башкаруу укугу менен бекитилип берилген.
2.3. МСЭКБнын мүлктөрүнүн курамына төмөнкүлөр кирет: имараттар жана курулмалар, жер тилкелери, негизги каражаттар, ээлеген жайлар, жабдыктар, транспорт, инвентарь, башка мүлктөр жана материалдык баалуулуктар.
2.4. МСЭКБ чарбалык ишмердүүлүктү ишке ашыруунун жыйынтыгында алынган мүлктүн, жана дагы башка негиздер менен алынган башка мүлктүн ээси болуп эсептелет.
2.5. МСЭКБ мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, ошондой эле башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
2.6. МСЭКБ милдеттенмелери боюнча өз каражаттарына жоопкерчилик алат, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүлүп алынышы мүмкүн. Алар жетишсиз болгон учурда уюмдун милдеттенмелери боюнча бардык жоопкерчиликти анын негиздөөчүсү тартат.
2.7. МСЭКБнын уюштуруу-тескөөчү документтери болуп төмөнкүлөр саналат: объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык ченемдерге шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн актысы, административдик укук бузуу жөнүндө протокол, айып салуу тууралуу токтом, санитардык эскертүү, тыюу салуу, ишин токтото туруу жөнүндө токтом, эскертүү буйругу, калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө түшүндүрмө берүү үчүн күн тартиби, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген башка документтер.
2.8. МСЭКБда профсоюз уюмунун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргогон профсоюздук комитеттин мүчөлөрүнүн атынан профсоюздук комитеттин төрагасы, казыначы жана профсоюздук комитеттин мүчөлөрү, анын мөөрү, банктык картасы, эсептик эсеби бар.

III. МСЭКБнын башкаруу принциптери
3.1. МСЭКБнын жогорку башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет. Негиздөөчүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- МСЭКБнын ишмердүүлүгүн координациялоо;
- Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, бекитүү;
- МСЭКБнын башкы дарыгерин кызматка дайындоо жана бошотуу;
- текшерүү комиссиясын шайлоо жана кайра чакыртып алуу;
- МСЭКБны кайра уюштуруу жана жоюу;

3.2. МСЭКБны Бишкек шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери болуп саналган, министрдин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы дарыгер жетектейт.
3.3. МСЭКБнын башкы дарыгери:

- иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды, түзүмүн жана штаттык бирдикти иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине макулдашууга киргизет;
- МСЭКБ комиссияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (этика, үстөк акы, тариф, инвентаризация ж.б. боюнча) жана башка түзүмдөрдүн штаттык расписаниесин, түзүмүн, жоболорун жана функционалдык милдеттерин бекитет;
- МСЭКБга жүктөлгөн иш-аракеттер жана милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- МСЭКБга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну башкы дарыгердин орун басарына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине каржылык документтерге кол коюуга укугу жок өткөрүп берет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык МСЭКБ кызматкерлерин ишке кабыл алууну жана бошотууну ишке ашырат;
- эскертүү, айып салуу, объектинин иштешине тыюу салуу, токтотуу жөнүндө буйруктарды, ченемдерди жана гигиеналык ченемдерди, санитардык укук бузуу фактысы боюнча түшүндүрмө берүүнүн күн тартибин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерди, тескемелерди жана токтомдорду чыгарат, объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча санитардык көрсөтмөлөрдү, санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн актыларын берет;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адистерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ушул уюмдун ичиндеги маанилүү эмгек шарттарына таасир этпестен жана өзгөртпөстөн, жылдырууну, которууну жүзөгө ашырат;
- МСЭКБнын башкы дарыгери жана Бишкек шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- МСЭКБнын атынан жарандык-чарбалык мамилелерге кирет;
- мамлекеттик, муниципалдык, соттук жана арбитраждык органдарда жана башка органдарда (уюмдарда) МСЭКБнын атынан чыгат же бул органдарда (уюмдарда) МСЭКБнын өкүлдүк кылуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берет;
- финансы-кредиттик мекемелерде учурдагы жана башка эсептерди ачат;
- финансылык каражаттардын негизги башкаруучусу болуп саналат;
- МСЭКБнын бардык финансылык, банктык жана буйруучу документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ;
- МСЭКБнын кызматкерлерине кызматтык күбөлүктөрдү бергенде кол коет;
- МСЭКБнын бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын сметасын бекитет;
3.4. МСЭКБнын башкы дарыгеринин орун басары жана башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин статс-катчысы же аталган маселелер боюнча тармакты жетектеген орун басары менен макулдашылып МСЭКБнын башкы дарыгери тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
3.5. МСЭКБнын башкы дарыгери жок болгон учурда анын милдеттерин орун басары аткарат. Орун басары жок болгон учурда анын милдеттерин МСЭКБнын башкы дарыгери тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ээ болгон түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси аткарат.
3.6. МСЭКБнын финансылык-чарбалык ишин көзөмөлдөө зарыл болгон учурда негиздөөчү тарабынан шайлануучу Текшерүү комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

IV. МСЭКБнын максаты, милдети жана функциялары
4.1. МСЭКБнын негизги максаты калк арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү болуп саналат.
4.2. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Бишкек шаарынын калкынын арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу;
- экологиялык факторлордун адамга терс таасиринин алдын алуу;
- калкты гигиеналык тарбиялоо жана ошол тармакта билим берүү.
4.3. МСЭКБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- Бишкек шаарынын аймагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча чараларды аныктайт жана көрөт;
- Бишкек шаарынын мэриясы жана мэриянын шаардын административдик району боюнча муниципалдык администрациялары жана башка кызыкдар уюмдар менен Бишкек шаарынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды координациялайт;
- Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча координациялык комитетинин отурумуна, Медициналык кеңештин жана башка түзүмдөрдүн жугуштуу, жугуштуу эмес жана мите оорулардын алдын алуу боюнча материалдарды даярдоого катышат;
- жугуштуу, жугуштуу эмес жана мите ооруларына эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү маселелери боюнча дарылоо-профилактикалык уюмдардын ишине байкоону жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан объектилерди калктын ден соолугун коргоо жаатындагы техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого, калктын жана жумушчулардын ден соолугуна биологиялык, химиялык, радиациялык жана физикалык факторлордун мүмкүн болуучу таасирин аныктоону, болжолдоону уюштурат, байкоону жана көзөмөлдү жүргүзөт.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;
- бекитилген лабораториялык изилдөө ыкмаларын колдонот;
- инфекциялык, мите жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурат, тейлөө чөйрөсүндө тобокелдик факторлорун башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- массалык ууланууларды, эпидемияларды, кесиптик ооруларды жана башка кырдаалдарды иликтөөнү жана жоюуну уюштурат жана ага катышат, ошондой эле аларды локалдаштыруу жана жоюу боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзөт;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча координациялоону жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте чектөө чараларын (карантин жана обсервация) киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- эпидемиологиялык татаалдашкан учурда дарылоо-профилактикалык уюмдардын жана кызыкдар кызматтардын даярдыгын көзөмөлдөйт;
- саламаттык сактоо уюмдарына профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча, анын ичинде ден соолукту коргоо жана чыңдоо жаатында методикалык, практикалык жардамдарды жана кызматтарды көрсөтөт;
- профилактикалык иш-чараларды иштеп чыгуу менен тышкы чөйрөгө жана объекттерге энтомологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөрдү алууну жүргүзөт;
- иммунобиологиялык, диагностикалык жана вакцина препараттарына муктаждыкты аныктайт жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине арыздарды берет;
- өзгөчө кырдаалдарда же санитардык-эпидемиологиялык кырдаал татаалданганда иммунобиологиялык препараттардын, дезинфекциялоочу каражаттардын, азыктандыруучу чөйрөлөрдүн, химиялык реагенттердин, тест-системалардын жана башка каражаттардын коруна ээ;
- МСЭКБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- мыйзамда белгиленген тартипте жугуштуу оорулардын очокторун жана адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу башка өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн материалдык жана башка резервдерди түзөт;
- МСЭКБнын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле башка максаттарга (кызматкерлерди сыйлоо, дараметин жогорулатуу ж.б.) инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;
- эмдөөнүн улуттук графигине ылайык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча калкты эмдөөнү, вакцина препараттарын сактоодо, ташууда жана колдонууда температуралык режимдин сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча кесиптик оорулардын алдын алуу үчүн зыяндуу эмгек шарттарында иштеген кызматкерлердин ден соолугуна тобокелдик факторлорунун таасирин изилдейт;
- көзөмөлдөнгөн объектилерде иштеген адамдарды алдын ала жана мезгилдүү медициналык текшерүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн сапатын көзмөлдөйт;
- курчап турган чөйрөнүн объектилерине санитардык-микробиологиялык изилдөөлөрдү, калктын жана оорулуулардын декреттик топторуна микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча жана келишим түзбөстөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда бекитилген прейскурант боюнча же келишимдик негизде мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
- бактериологиялык, паразитологиялык, вирусологиялык, эксперттик корутундуларды даярдоо менен иммунологиялык, биологиялык, санитардык-химиялык жана башка изилдөөлөрдү (талдоолорду) жүргүзөт;
- өтүнмөлөр боюнча жана мамлекеттик көзөмөлдүн жүрүшүндө продукцияны, товарларды коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзөт;
- товарлардын, продукциянын, айлана-чөйрөнүн объекттеринин жана өндүрүштүк чөйрөнүн техникалык регламенттердин жана башка колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзөт;
- иондоштуруучу жана иондоштуруучу эмес нурлануунун булактары, ызы-чуу, электромагниттик нурлануу жана айлана-чөйрөнүн жана адам жашаган чөйрөнүн башка физикалык факторлору боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- дератизациялоо, дезинсекциялоо жана дезинфекциялоо иштерин жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзөт;
- жумушчу зонанын абасына изилдөөнү жана башка изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттайт;
- дезинфекциялоочу каражаттардын активдүүлүгүн аныктайт;
- лабораториялык сыноолордун, ошондой эле арбитраждык лабораториялык сыноолордун (сыноолордун) сапатына тышкы жана ички көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- оорулардын алдын алуу, ден соолукту коргоо жана чыңдоо жаатындагы белгиленген талаптарды сактоо боюнча декреттелген контингент үчүн гигиеналык окууларды, семинарларды өткөрөт, ошондой эле санитардык минимум боюнча экзамендерди өткөрөт;
- жеке жана юридикалык жактарды, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жана калкты инфекциялык жана артыкчылыктуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча, анын ичинде келишимдик негизде маалыматтык, консультациялык кызматтар менен камсыз кылат;
- ишканаларда жана уюмдарда өндүрүштүк көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча консультациялык жана практикалык жардамдарды жана кызматтарды көрсөтөт;

V. МСЭКБнын укугу жана милдеттери
5.1. МСЭКБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо, оорулардын алдын алуу маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер, эл аралык, донордук, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан көзөмөлдөнүүчү объекттерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө;
- объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык ченемдерге ылайык келиши жөнүндө санитардык буйруктарды, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн актыларын, санитардык укук бузуунун фактысы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн чакырууларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерди берүүгө;
- мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүлөр боюнча корутундуларды берүүгө;
- объекттин санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө акт түзүү менен, белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга шайкештигине инструменталдык өлчөөлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү колдонуу менен пайдаланууга берилген же иштеп жаткан объекттерге санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүүгө;
- долбоордук документтердин (эскиздик долбоорлордун, технологиялык схемалардын) санитардык-эпидемиологиялык экспертизасын жүргүзүү;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн протоколдорун (жыйынтыктарын) берүү менен адамдардын ден соолугу үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрүнө белгиленген талаптарга ылайык келүүсүнө лабораториялык изилдөөлөрдү колдонуу менен продукциянын, товарлардын санитардык-эпидемиологиялык экспертизасын жүргүзүүгө;
- продукциянын, товарлардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоого;
- тамак-аш азыктарын ташуу үчүн адистештирилген транспорт каражаттарына санитардык паспортторду берүүгө;
- МСЭКБнын компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылган жарандарга консультация берүүгө;
- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелерди жана нормаларды, техникалык регламенттерди жана башка ченемдик документтерди администрациялык бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жаза-чараларды колдонууга;
- материалдарды администрациялык, укук коргоо жана сот жана башка органдарга (уюмдарга) өткөрүп берүүгө;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү бийлик органдарынан жана башка уюмдардан, жеке жана юридикалык жактардан санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана калктын саламаттыгын камсыздоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча маалыматтык жана башка басылма материалдарды белгиленген тартипте басып чыгарууга;
- саламаттык сактоо маселелери боюнча республикалык, аймактык симпозиумдарды, съезддерди, семинарларды, сынактарды жана башка акцияларды, эл аралык конференцияларды уюштурууга жана катышууга;
- жогору турган органдарга жана башка уюмдарга санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик маселелерин кароо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан өзгөчө учурларда (жугуштуу оорулардын жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануунун) коркунучу же келип чыгышы жана таралышы) учурунда калктын ден соолугуна жол берилгис таасир этүүнүн себептерин жана булактарын аныктоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында, мөөнөтүнө карабастан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан текшерүүлөр күтүүсүз мүнөздө болушу жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүз (билдирүүсүз) токтоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн;
-- объекттерди санитардык-эпидемиологиялык кароодо видео жана фотосүрөттөрдү пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен уюштуруу-тескөөчү документтерди жана отчеттуулуктун формаларын пайдаланууга;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жарандардан аныкталган бузууларды четтетүү боюнча санитардык жана эпидемияга каршы чараларды көрүүнү талап кылууга;
- уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандардын ден соолугун жана жашоосун камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдардын белгиленген талаптарын бузулушу жөнүндө түшүндүрмө берүүгө чакырууга;
- административдик таасир этүү чараларын колдонууга: протоколдорду түзүүгө, көрсөтмөлөрдү берүүгө, эскертүү, айып салуу жана тыюу салуу, объекттердин ишин токтото туруу жөнүндө токтомдорду чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрүүгө;
- белгиленген тартипте медициналык текшерүүдөн өтпөгөн же жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөр жана алардын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу алардын таралышынын булагы болуп саналган адамдарды (жарыяланган контингент) жумушунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган тамак-аш чийки заты жана тамак-аш азыктары, алар менен байланышта болгон материалдар жана буюмдар, сууну (суу булактарын) ичүү, тиричилик, маданий жана рекреациялык максатта пайдаланууга, өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга тыюу салууга;
- калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары бузулган учурда лицензиялардын, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же аларды жокко чыгаруу жөнүндө мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик уюмдардын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын жана калктын саламаттыгын камсыз кылуу жагындагы ишин координациялайт жана көзөмөлдөйт;
- юридикалык жактарга, жеке жактарга санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашына жол бербөө максатында аткарылышы милдеттүү болгон санитардык-эпидемиологиялык нускамаларды жөнөтүүгө;
- тамак-аш азыктарынын пландуу жана пландан тышкаркы үлгүлөрүн алуу жана тамак-аш сырьесу, суу жана башка жаратылыш объектилеринен үлгүлөр үчүн компенсация жок тиешелүү документтерди даярдоо менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- жугуштуу оорулар менен ооругандарды, байланышта болгон адамдарды, декреттелген контингентти, тобокелдик топторун жана башка адамдарды, анын ичинде келишимдик негизде микробиологиялык, вирусологиялык, паразитологиялык, диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- МСЭКБнын кызмат адамдарына кызматтык күбөлүктөрдү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди укуктук жана социалдык жактан коргоого.

VI. МСЭКБнын түзүмү
6.1. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн курамы ушул Жободо аныкталган милдеттердин жана функциялардын негизинде МСЭКБнын башкы дарыгери тарабынан аныкталат.
6.2. Персоналдын саны каржылык ресурстарды жана медициналык персонал үчүн жүктөм боюнча сунушталган ченемдерди, милдеттерди жана функцияларды эске алуу менен МСЭКБнын башкы дарыгери тарабынан аныкталат.
6.4. Зарыл болгон учурда финансылык жана материалдык-техникалык каражаттардын болушуна байланыштуу МСЭКБнын түзүмүндө ушул жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн башка бөлүмдөр да болушу мүмкүн.
6.5. МСЭКБнын түзүмдүк бөлүмдөрү МСЭКБнын башкы дарыгери бекиткен Жобонун, штаттык бирдиктин жана башка ченемдердин негизинде иштейт.

VII. МСЭКБнын финансылык-чарбалык иши, каржылоо булактары жана финансылык каражаттарын пайдалануунун тартиби
7.1. МСЭКБнын ишин каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары жана кайрымдуулук каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.
7.2. МСЭКБ өз ишинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти, имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк баалуулуктарды колдонот.
7.3. Оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7.4. МСЭКБнын башкы дарыгери жана башкы бухгалтери бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

VIII. МСЭКБнын мүлкү
8.1. МСЭКБнын мүлкү (имараттар жана жайлар, жабдуулар, инвентарлар, жер тилкелери жана башка мүлктөр) анын функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунун негизинде МСЭКБга бекитилет.
8.2. МСЭКБнын өзүнүн ишинин жүрүшүндө сатып алынган мүлкү мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналат.
8.3. МСЭКБ өзүнө бекитилип берилген мүлктү жана консолидацияланган бюджеттин эсебинен сатылып алынган мүлктү негиздөөчүсүнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу органынын макулдугусуз ижарага берүүгө, ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.

IX. МСЭКБнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, координациялоо жана көзөмөлдөө
9.1. МСЭКБнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, координациялоо жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
9.2. МСЭКБнын каржылык ишмердүүлүгү боюнча суроолор Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары менен аныкталат.

X. МСЭКБнын жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилиги
10.1. Ушул Жобонун талаптарын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10.2. Кызмат адамдары жана кызматкерлери МСЭКБга келтирген зыяны үчүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында аныкталган негизде жана тартипте мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

XI. МСЭКБны кайра уюштуруу жана жоюу
11.1. МСЭКБны кайра уюштуруу (кошуу, кошуу, бөлүү, ажыратуу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте негиздөөчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
11.2. МСЭКБнын иши анын негиздөөчүсүнүн чечими боюнча же соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.
11.3. МСЭКБны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда МСЭКБнын негиздөөчүсү жоюу комиссиясын дайындайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МСЭКБны жоюунун тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт. МСЭКБ жоюлгандан кийин калган мүлк негиздөөчүнүн менчигинде калат.
11.4. МСЭКБнын ишмердүүлүгү токтотулгандыгын каттаган датасы аталган буйрукту каттаган орган тарабынан таанылат.
11.5. МСЭКБнын ишмердүүлүк процессинде жаралган документтер ал жоюлган учурда “Улуттук архивдик фонд тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.

2024 © Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору