Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
ЦГСЭН г. Бишкек

Бишкек шаары боюнча сасык тумоону алдын алуу чаралары боюнча эпидемиологиялык жагдай.

Бишкек ш.МСЭКБу билдиргендей жыл башынан бери 48 жума ичинде ( 26.11.18ж.   01.12.18ж.чейин) респиратордук оорулардын 25% көбөйүүшү байкалып, сасык тумоо менен ооруган 3252 учур катталды,  былтыркы жылдын ушул маалында 2542 учур катталган. Негизинен сасык тумоого 14 жашка чейинки балдар көп чалдыгат.Алар жалпы ооругандардын 64 пайызын түзөт,алардын ичинен 0-4 жашка чейинкилер -60%.Ооруга анализ жүргүзгөндө көбүнчө бала бакчага барбаган балдардын ооруга чалдыгары аныкталды. 2018 жылдын ушул 48 жума ичинде сасык тумоонун A (H1N109) турүнөн жабыркаган 6 учур катталган. Респиратордук вирустук инфекция -дем алуу органдарынын былжыр клеткаларынын жабыркатат. Эл арасында бул ооруну “суук тийүү” деп аташат, оору башталганда мурун бүтүп, тамак ооруп,көздөн жаш агуу, жөтөл, башы ооруп, оору денени  38 градуска чейин ысытып башталат.Азыркы убака чейин респиратордук вирустук инфекция кыйынчылык менен көзөмөлгө алынуучу оорулардын катарына кирет: анын негизги себептери вирус улам өзгөрүп жана аябай жугуштуу болуп саналат.

Респиратордук вирустук инфекцияны алдын алуу боюнча негизги принциптери

  1.  Элдин баары эмдөөдөн өтүшү керек. Биринчи кезекте сасык тумоодон кийин оорусу күчөп кете тургандар,өнөкөт дарты барлар, карылар,  медициналык жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери.
  2. Эгер ооруга чалдыккан мезгилде коомдук жайларга чыкпоо, маска кийип, сөзсүз түрдө доктурга кайрылуусу керек.
  3. Эмдөөнун жардамы менен оорудан сактана албай калган учурда,организмди кучтөөгө аракет кылуу керек.Ал учүн мөмө-жемиштерди, витаминге бай ит мурун, карагат менен жасалган чайларды ошондой эле пияз, сарымсакта көптөгөн фитонциддер бар болгондуктан, вируска каршы жакшы жардам берет.
  4.  Күндузгу убакта адамдар жуз жолу көзү,оозу жана мурдунан бөлүнүп чыккан нерселер менен байланышта болот жана коомдук транспорто туткаларды, таянгычтарды кармоосу ушунун бары инфекциянын тарашына жол берет. Ошондуктан жагымсыз эпидемиологиялык жагдай мезгилиниде колду көп жууп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл.
  5. Колду жууп туруу. Сырттан келгенде, тамак ичээрде сөзсүз колду самындап жууп, антибактериалдык салфетка, антисептикалык гелдерди колдонуу керек.
  6. Эл көп топтолгон жерлерде кол кармашуудан качууга болгон аракетти жумшоо: коомдук транспорт, мекемелерде, соода борборлорунда.
  7. Чүчкүргөндө мурунду, оозду салфетке же жүз арчы менен жабуу керек.
  8. Колдонулган салфеткаларды таштанды салуучу корзинага салуу таштоо.
  9. Эгер жаныңызда жүз арчы же салфетка жок болсо чыканактын бүктөлүшүнө жөтөлүу абзел. Жөтөлүп же чүчкүрүп жатканда алаканды колдонгондо инфекциянын жайылышына шарт түзөт.
  10. Булганган аба менен дем алганда вирусту жуктуруп албоо үчүн зыянсыздандыруучу каражаттарды колдону менен, ным чүпөрөк менен  бат-баттан буюмдарды сүртүп туруу керек.
  11. Балдар жок мезгилде бөлмөнү маал-маалы менен желдетип туруу зарыл.
  12. Организмди чындоо.
  13. Сергек жашоо.Адам канчалык дене тарбия менен алактенсе өзүн сергек алып жүрсө, көп ооруну ошондой эле, сасык тумоону да алдын алат. Ошондуктан ар дайым 7-8 саат уктап  3-4 маал тамак ичүү керек.

Оорунун биринчи эле белгилери башталган доктурларга кайрылуу керек, өз убагында башталган дарылануу -тез жана туруктуу айыгуунун ачкычы.