Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Бруцеллезду эскертүү биздин күчүбүз.

Бруцеллез -адамдарга ооруган жаныбарлардан жугат. Кыргызстанда  эң негизги жуктуруп алуу себептери оорулу койлор, эчкилер жана уйлар.

Бишкек шаарында 2018-жылы 29 учур катталып, ал эми 2017-жылы 34 учур катталган, бруцеллез оорусу 17,6% азайганы байкалган.

29 учурдун ичинен 7 учурунда (24,1%)  биринчи табылган өтушүп кеткен  бруцеллез диагнозу коюлган, 1 учурда (3,5%) өтө курч эмес бруцеллез дарты аныкталса, 21 учуруна курч бруцеллез (72,4%) диагнозу коюлган. Катталган 29 учурдун 14 жараны Бишкек шаарыны тургундары.

Негизинен бруцеллезго 20-29 жашка чейинкилерге- 8 учур  (27,5%), 40-49 жашка- 8 учур (27,5%), 50 жана андан уулуларга 5 учур (17,3%), 30-39 жашка-3 учур (10,4%), жаш балдардын арасында 14 жашка чейин-4 учур (13,8%), 18-19 жашка -1 учур (3,5%) катталган.

Контингент боюнча: көп учур жумушсуз калктын арасында 19 учур  (65,5%), башка категориядагы калктын арасында(кызматкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер)-6 учур (20,6%),окуучулар арасында-3 учур (10,3%), бала бакча жашында- 1 учур (3,4%), студенттер жана азык-түлүк тармагында иштегендерде катталган эмес.

29 учурдун 17 учурунда (58,6%)  малдарды бакканы менен түшүндүрүшөт. Бул дарт адамга ооруган малдан жана анын эт, сүт  азыктарынан ( бышырылбаган сүт, чийки сүттөн жасалган каймак,айран, быштак- 6 учур (21%), ошондой эле чала бышырылган эттен (шишкебек) -6 учур (20,6%).

Бруцеллез-  бул таяныч-кыймыл, тизенин эле жабыркоосуна алып келбестен, жүрөк кан тамыр, заара иштеп чыгуучу жана жыныстык органдардын  жабырланышына алып келет. Көпчүлүк учурда  бруцеллезду аягына чейин айыктырбай доктурлар жазып берген дарыларды ичпегендикден  оору кучөп, кадимки жумуштарды аткаруусу кыйыңдап  майыптыка да алып келиши мүмкүн. Бруцеллез оорусунун булагы болуп  чоң жана майда малдар чочколор  эсептелет. Бирок адамдар көпчулүк учурда (кой,эчкиден) жуктурушат.

Жаныбарларда оорунун негизги белгилери болуп бала салуусу, ооруган мал төлдөгөн учурда чарайнасы , чөбү менен көптөгөн микробдорду бөлуп чыгарат.Малдар бала салууда 1,5-2 литрдей суу бөлүнуп чыгып, ал эми  ошол суунун 1 млде эле бир канча миллиард микроб болот. Бруцеллез таякчалары айлана-чөйрөгө абдан туруктуу.Кайнатуу учурунда микроб толук жок болот. Сууда 114, сүттө-10 күн, брынзада-45 күн, малдын эттинде -1 ай, койдун жүнүндө- 3 айга чейин сакталат. Бруцеллез адамдан адамга жуукпайт.

Бруцеллезду үй шартында тамак -аш жегенде жууктуруп алууга болот:

  • бышырылбаган сүт, жана сут азыктарын жегенде, бышырылбаган чийки сүттөн жасалган
  • ( каймак,сыр,быштак,сүзмө)
  • *чала бышырылган эттен (шишкекбек жана эттен жасалган продуктулардан)
  • *койду союда же шашлык жасоода көрунбөгөн теринин кесиктери аркылуу;
  • *бруцеллез менен ооруган малдын жүнүн кыркканда;
  • *майда малдар төлдөө учурундагы бөлунүп чыккан сууда, саман да коркунучтуу болуп саналат.

Бруцеллезду алдын алууда комплексдүү санитардык- ветеринардык чаралар жүргүзүлүшү керек. Мал багууда, союда,төл учурунда, койдун жүнүн кыркканда сут азыктарын, эт азыктарын таркатууда санитардык-ветеринардык  эрежелерди туура сактоо талап кылынат. Негизи бруцеллез оорусу жөн гана дененин тердеши менен чектелип калбастан, ишке жөндөмдүүлүктү төмөндөтүп,жумушка жарамсыздыкка да алып келет. Ошондуктан ойлонуп, өзунөрдү бул дарттан коргоогонго аракет кылгыла.

Бишкек шаарынын мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө бороборунун эпидемиолог дарыгери Швец Н.А.