Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
ЦГСЭН г. Бишкек

Бишкек шаарында курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) боюнча эпидемиологиялык кырдаал

Курч кармоочуу респиратордук вирустук инфекция оорусу Бишкек шаарында оорулардын түзүмүндө олуттуу орунду элеп, баардык жугуштуу оорулардын 90% түзөт.

11 ай ичинде курч кармоочуу респиратордук вирустук инфекция оорулары 11,4% көбөйүшүү байкалып, 76889 учур катталды, былтыркы жылдын ушул эле маалында 2017-жылы 68042 учур катталган, алардын ичинен  65,0%  14 жашка чейинкилер түзөт.

Ошондой эле 2018-жылы сасык тумоо менен ооруган 54 учур катталды, ал эми 2017-жылы 20 учур катталган.

2018-жылдын 4-декабрынан бери мектеп окуучуларынын мектепке баруусуна ар жума сайын мониторинг өткөрүлүп жатат. Анын негизинде 04.12.18 жылдан 07.12.18 чейин жүргүзүлгөн мониторингде оорунун негизинде сабакка барбаган балдардын саны 3,7%  4,8%  түзөт.