Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Вирусологиялык лаборатория
0 (312) 546 195, 0 (312) 540 145
Анализдерди кабыл алуу убактысы саат 8:00дөн 11:00гө чейин
Лаборатория тууралуу
Аккредитация күбөлүгү №KG 417/КЦА.МЛ.006
Вирустук лаборатория профилактикалык жана диагностикалык изилдөөлөрдү ИФА жана ПЦР методдору менен жүргүзөт:

- Вирус гепатити маркерлерин ИФА методусунда аныктоо;
- Вирус гепатитине В иммунитетти аныктоо;
- ВИЧ инфекциясынын маркерлерин аныктоо;
- Treponema pallidumга каршы антителолорду аныктоо;
- ПЦР методусунда ВГВ жана ВГС нуклеин кычкылдыктарынын сапаттык жана сандык аныктоосу «реалдуу убакыт» режиминде;
- ПЦР методусунда грипп вирусунун А, В РНКсынын сапаттык деңгээлин «реалдуу убакыт» режиминде баалоо;
- ПЦР методусунда тамак-аш продукцияларындагы ГМО сапаттык жана сандык аныктоо «реалдуу убакыт» режиминде.
Изилдөө үчүн кан тапшырууга бейтаптарды даярдоо
Кан анализин ач карынга тапшыруу зарыл — башкача айтканда, акыркы тамактануудан баштап кеминде 8 саат, мүмкүн болсо 12 саат өтүшү керек.
Назар буруңуз: шире, чай, кофе да тамак-аш катары эсептелет. Болгону таза суу ичүүгө уруксат берилет.
Анализ тапшыруунун алдындагы күнү кечки тамак жеңил жана ченемдүү болушу керек.
Изилдөөнүн алдында 1–2 күн мурда рациондон майлуу, куурулган тамактарды жана алкоголдук ичимдиктерди алып салуу сунушталат.
Изилдөөгө мазок тапшырууга пациенттерди даярдоо
Мазок алуу үчүн минималдуу 3 саат мурун төмөнкүлөрдү жасоо сунушталбайт:
- тиш тазалоо;
- ооз жана тамак чайкоо;
- оозду сергитүүчү спрейлерди колдонуу;
- сағыз чайноо жана тамеки тартуу;
- мурунду жууп-тазалоо;
- мурунга арналган спрейлерди, тамчыларды жана майларды колдонуу.

Мурунга жергиликтүү препараттарды колдонуу вирустун былжыр челдеги концентрациясын төмөндөтүшү мүмкүн. Бул, өзгөчө, вируска каршы дарылоо башталганга чейин ПЧР тестинин жалган-терс жыйынтыгын алуу коркунучун жогорулатат.
Консультативные услуги
Суроо Кадрлар Кабыл алуу убактысы
Анализдердин баасы жана номенклатурасы М.А. Керималиев, лабораториянын башчысы 13.00-15.00
ИФА изилдөөнүн анализ жыйынтыктарынын расмий түшүндүрмөсү М.К. Кариева, дарыгер 10.00-12.00
ПЦР изилдөөнүн анализ жыйынтыктарынын расмий түшүндүрмөсү М.А. Керималиев, лабораториянын башчысы 13.00-15.00
Үлгүлөрдүн кабыл алынышыб Ч.А. Эргешбаева, лаборант 08.00-11.00
Баалардын прейскуранты
2024 © Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору