Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
ЦГСЭН г. Бишкек

Педикулез

Педикулез  же жөн эле бит басуу бул жугуштуу дарт. Ал адамдын денесинде биттин үч түрүнун пайда болушунан козголот алар  чачтын арасында, денеде жана чатта болучу болуп үчкөө бөлүнөт.

Чачтын арасында болучуу биттер кибиреп чачтын арасында жашап кан менен тамактанат.Чач арасындагы биттер 6-14 күндө жетилип, алардын ургаачысы өзүнүн жумурткасын таштай баштайт. Биттин жумурткалары (сирке) сары-ак өңдө болуп какачка аябай окшошуп кетет.

Педикулез менен баардык адамдар ооруп, ал гигиенаны сактабагандыктан болот.  Эске алгыла, бит таза чачтарды сүйүп, сууданда коркпой сууда сузуп, чуркап бирок эч качан секирбейт. Педикулез аябай бат көбөйгөндүктөн олутту оору болуп саналат. Биттин көбөйүшү алардын тиштегенинен ар кандай ириң ооруларына, экинчи ирет бактериалдык оорулардын жугуушун жана ошондой эле аллергияны жаратышы мүмкүн. Эң олутту бит коркунучтуу деген сыпной тиф оорусун жуктурат.

Чач арасындагы битти негизинен балдар көбүнесе түздөн-түз байланышта болгондуктан жуктуруп алышат.

Чач арасында биттин таркашынын негизги себептери болуп билим берүу мекемелеринде  балдардын көптүгү болуп саналат. Мисалы, Бишкек шаарында 2018/19 окуу жылына 212%, ал эми бала бакчаларда 228%.

Ошондой эле шаардык  мыйзамсыз жеке менчик мончолордун санитардык абалынын канааттандырарлык эместиги.

2018-жылдын 11 ай ичинде 113 учур каталса, алардын 106сы уюшулган коллективден (2017-жылы-166 учур, алардын 141 учуру уюшулган коллективден)


Кантип жуктууруп албоо керек:

  • өздүк гигиенаны сактоо;
  • Балдарга башка адамдардын баш кийимин кийгенге, сүлгүсүн колдонго, чач байлоочу каражаттарын колдонгонго уруксат бербөө;
  • Үй-бүлөө мүчөлөлөрүнө өз ара текшерүүлөрдү жүргүзүү;
  • Мезгил-мезгили менен балдар мекемелерине барган балдардын чачын жана кийимдерин текшерүү.

Эгер бит табылса:

  • Аптекадан керектүү каражатты алып, анда көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрүнө ылайык колдонуу;
  • таза ич кийим жана кийим кийүү;
  • жуулган кийимдерди буу менен үтүктөп кийүү;
  • үй-бүлө мүчөлөрүн бир ай ичинде текшерип туруу;