Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөдөө борборунун учкай тарыхы
Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо эл комиссариатынын Фрунзе шаардык безгекке каршы бекети 1926-жылы ачылган.
Ал 1935-жылы Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо эл комиссариатынын Фрунзе шаардык борбордук тропикалык бекети болуп аты өзгөртүлгөн Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети Фрунзе шаардык элдик депутаттар советинин аткаруу комитетинин саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын түзүмдүк бөлүгү катары Фрунзе шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети болуп кайра түзүлгөн.
1991-жылы 5-февралда Фрунзе шаары Бишкек шаары болуп аталганына байланыштуу, Фрунзе шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык бекети болуп аталган.
2002-жылы КР ССМинин 11.07.2002-ж. №292 буйругун аткаруу жана “Саламаттык сактоону реформалоо-2” долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматында кайра түзүү (реструктуризация) болгонуна ылайык санитардык-эпидемиологиялык бекети Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөдөө борбору аталган.
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун 1940-жылдан азыркы убакка чейинки жетекчилери
1940-1948 ж. — Хуц С. Х.
1948-1950 ж. — Старшинина А. И.
1950-1951 ж. — Гринберг Н. О
1951-1953 ж.— Ан А. С.
1953-1961 ж. — Новокрещенова В.С.
1961-1976 ж. — Галушко Н. А.
1976-1998 ж. — Савченко В.И.
1998-2007 ж. — Нургазиев Р.Т.
2007-2010 ж.— Чойбеков К.Н.
2010-2014 ж. — Мамасадыков Н.М.
2014-2015 ж. — Горин О.В.
2015-2018 ж. — Буюклянов А.И.
2019 — 2020ж. — Сыдыгалиев Р. С.
2020 ж. — азаркы убактагы — Кундашев К.У.