Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Кызматтар

Жарандарды медициналык-санитардык жардам
менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына
1-тиркеме

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бекер жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категорияларынын  тизмеси

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 3022017-жылдын 3-мартындагы № 1362018-жылдын 7-сентябрындагы № 4202019-жылдын 30-декабрындагы № 7242020-жылдын 30-декабрындагы № 6362021-жылдын 27-январындагы № 26 токтомдорунун редакциясына ылайык)

I бөлүм.
Социалдык макамы боюнча амбулатордук деңгээлде жана стационарларда бекер медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категориялары

1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.

2. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын майыптары.

3. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча согуштук иш-аракеттердин жүрүшүндө жабыр тарткан жана майып болушкан жарандар.

4. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган жарандар.

5. Концлагерлердин мурдагы туткундары.

6. Ленинград шаарынын блокадачылары.

7. 70 жаштан жогорку эмгек ардагерлери.

8. “Баатыр эне” ордени жана “Мать-героиня” ордени менен сыйлангандар.

9. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күч менен мыйзамсыз түрдө жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) тартылышып, кийин реабилитацияланган жарандар.

10. Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин 3 даражасы менен сыйлангандар.

11. Социалисттик Эмгектин Баатырлары.

12. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамына ээ болгон, I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган жарандар.

13. Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук иш-аракеттердин катышуучулары.

14. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыр тартышкан жарандар (радиациялык авариялардын кесепеттеринен улам пайда болгон оорулардан жапа чеккендер; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСтеги авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар; ошондой эле майып болуусу Чернобылдагы кыйроого байланыштуу экендиги аныкталгандар; 1988-1989-жылдары Чернобылдагы аварияда курман болгондордун жана Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен улам пайда болгон оорулардан каза болгондордун үй-бүлөлөрү; ажыратуу же көчүрүү аймагынан 1986-жылы Кыргыз Республикасына эвакуациялангандар (ыктыярдуу түрдө чыгып кеткендер), ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан ыктыярдуу түрдө чыгып кеткендер; Чернобыль АЭСтеги авариядан кийин жашап турган аймагынан ыктыярдуу түрдө Кыргыз Республикасына көчүү укугу менен келгендер; аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамынын көчүрүү зонасында, көчүү укугу менен жашоо зоналарында кызмат өтөшкөн адамдары; ажыратуу, көчүрүү жана жашап туруу зонасынан Кыргыз Республикасына көчүү укугу менен эвакуацияланышкан же көчүрүлүшкөн балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуация мезгилинде энесинин курсагында болгондор, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын биринчи жана кийинки муундагы балдары).

15. Аскердик кызматтын милдетин аткаруу учурунда жаракат алып, майып болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

16. Курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энелери (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенде, эгерде курман болгон адам алардын жалгыз баласы болсо; балдары он сегиз жашка чыккыча), ден соолугуна өтө оор, анча оор эмес жеңил зыян тартып, анысы соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталгандар; 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган травмалардын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары таанылгандар.

17. Эмгектик, ошондой эле кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

18. Көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

19. Бала кезинен тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

20. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдар.

21. 6 жашка чейинки курактагы балдар.

22. Мамлекеттик балдар үйүндө, үй-бүлөлүк балдар үйүндө (кабыл алган үй-бүлөлөрдө), жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдар үчүн үй-интернаттарда жашашкан жетим балдар.

23. Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттарда жашашкан жарандар.

24. Чыныгы аскер кызматына чакырылуучу жана амбулатордук деңгээлде же стационардык шарттарда дарылоо үчүн аскердик-дарыгерлик комиссия тарабынан медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн жарандар.

25. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, эгерде аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде ведомстволук саламаттык сактоо мекемелеринде квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок болсо.

26. ВИЧ/СПИД менен жашашкан адамдар.

27. Жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окууну бүткөнгө чейин, бирок алардын 18 жашка чейинки курагында гана, аз камсыз болушкан үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки курактагы балдар, социалдык өнүктүрүү органдарынан алынган маалымдаманы көрсөтүү менен.

28. 70 жаштан жогору курактагы пенсионерлер.

29. Баштапкы тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар, пациенттин өмүрүнө коркунуч жаратуучу кечиктирилгис абал пайда болгон учурларда, эгерде аларга пенитенциардык системанын медициналык кызматтарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу изоляторунда медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбосо.

30. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үйүнүн, үй-интернаттардын 23 жашка чейинки бүтүрүүчүлөрү.