Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Санитардык эпидемиологиялык экспертиза бөлүмү

Санитардык эпидемиологиялык экспертиза бөлүмү БшМСЭКБнун иш-аракеттерин оптималдаштыруу максаттында,жарандарга документтерди  берүүнү тездеттүү,кызыкчылыктардын “чыр-чатак”маселесин жок кылуу үчүн “Бирдиктүү терезе” ыкмасы боюнча кызмат көрсөтүп келет.

Бөлүмдүн негизги иш-аракети болуп,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (кагаз жүзүндө же келишимдик) негизде  объекттерди,курулуш жерлерин талапка жооп берерин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү болуп саналат.

Негизи милдеттери:

  •  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санитария, эпидемиология жана дезинфекциялоо иштери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
  • Бишкек шаарында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигинин начарлашын алдын алуу;
  • Жеке жана юридикалык жактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген объектилерге актыларды түзүнү,курулуш кортундуларын берүүнү оптималдаштыруу;

Негизги функциялары:

  • КРнын №252 30.05.08 өкмөтүнүн токтомуна ылайык проектөө,курулуш объектери боюнча Бишкекглавархитектурасынан келген суроо-талаптарга кортунду берет.
  • Лабораториялык изилдөөлөр жана өлчөөчүү куралдарды колдонуу менен санитардык-гигиениалык талаптарга жооп берген объектилерге актыларды берүү, эксплуатацияга берүүлүчү жана иштеп жаткан объектилерде санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүүзү;
  •  Долбоордук документтерге санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү (алдын ала үлгүлөргө, техникалык схемасына);
  • Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген буюдардын,мүлктөрдүн декларациясын каттоо;
  •  Тамак-аш азыктарын ташуу үчүн атайын транспортторуна санитардык күбөлүктөрдү берүү;

Ошондой эле, бөлүмдун кызматкерлери БшМСЭКБнын карамагына кирген маселелер боюнча кайрылган жарандарга кеңеш берет.