Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.30.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 30-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 95 учур катталып, анын 86 лабораториялык, 9 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

95 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 81 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 18 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 19;
  • Октябрь районунда – 13;
  • Свердлов районунда – 31.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 14 кишиден жугуштуу оору катталды.

83 бейтап клиникалык белгилер, 12 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 95 учурдун ичинен 20 адам ооруканага жаткырылып, 75 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 95 үлгү келип түштү, анын ичинен 16 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.