2021-ж.05.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы
021-жылдын 5-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 246 учур катталып, анын 222 лабораториялык, 24 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.
246учурдун ичинен Бишкек шаарынын 211 тургунуна жуккан, алардын ичинен:
- Ленин районунда – 88 учур катталган;
- Биринчи Май районунда – 44;
- Октябрь районунда – 42;
- Свердлов районунда – 37.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 33 кишиден жугуштуу оору катталды.
193 бейтап клиникалык белгилер, 53 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.
Күндүн ичинде 246 учурдун ичинен 68 адам ооруканага жаткырылып, 178 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.
Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 213 үлгү келип түштү, анын ичинен 40 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.