Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Короновирус инфекциясы

Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык  ооруканасына Гапиржанова С 01.07.1940,Гапиржанова А02.12.1976 алсыроо,үнү кырылдоо, дене табы көтөрүлүп, дене табы текшерилгенде 36,8 градус болгон. Оорулуларга “Коронавирус инфекциясы” коюлуп ооруканага жаткырылган.
02.03.2019-жылы республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан оорулулардан  сасык тумоону изилдегенге материал алынып, БшМСЭКБнун вирусологиялык лабораториясына жиберилип,сасык тумоо аныкталган эмес. Ошондой эле, материал  коронавирусту аныкташ үчүн ДПЗиГСЭН жиберилип, ал жактан да терс жыйынтык алынды..

Короновирустук инфекция –вирустук респиратордук инфекция болуп саналат, биринчи жолу Сауд Аравиясында 2012- жылы жаңы короновирусу аркылуу  жукканы аныкталган.
Оорунун козгоогучуу дем алуу органдарын жабыркатып, жеңил башталып  катуу кармаган респиратордук синдромго чейин алып келет. Азыркы күнгө чейин вирустун кандай жол менен жугушуу аныкталган эмес. Бирок вирус адамдан адамга жуукпайт, эгер гана аябай тыгыз байланыш болгондо  жугат.Мисалы, оорулу адамга медициналык жардам көргөзүудө өзүн коргоочу каражаттарды колдонбогон учурда.
Алдын алуу чаралары: колду  жуурда зыянсыздандыруучу каражаттарды колдонуу, медициналык маскаларды колдонуу, бөлмөлөрдүү бат-баттан желдетүү,ооруу жугузуп алган адамдардан сактануу.
Эгерде оорунун мүнөздүу белгилерин байкасаңар тез арада доктурга медициналык жардам үчүн кайрылгыла.