Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо боюнча Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору  эпидемиологиялык кырдаалды анализдеп чыгып, статистикалык маалыматтарга таянып, 9 жуманын ичинде ( 24.02.дан баштап 03.03.19жылга чейин.) Бишкек шаары боюнча курч кармоочуу респиратордук вирустук инфекция оорулары 26,7% азайышы байкалганын тастыктайт.

2019 жылы 8 жума ичинде сасык тумоо менен ооруган эки учур, былтыркы жылдын ушул эле учурунда дагы 2 учур катталган.

Шаар боюнча ооруну анализдегенде курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция 12,9% эпидемиологиялык порогго жетпейт. Алардын көпчүлүк  бөлүгү 14 жашка чейинки балдар-57,6%, 1 жашка чейинки -15,3%, 1 жаштагы-17,4%, 2-4 жаштагылар -17,4%, 7-14 жашка чейин- 20,5%. түзөт.

Бишкек шаарында окуучулардын мектепке баруусуна ар жума сайын мониторинг жүргүзүү улантылып жатат. Анын негизинде 24.02.19 жылдан 03.03.19 жыл ичинде сабакка барбаган балдардын саны 3,3% 3,5%.  тузгөн.