Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаарында оорукана ичинде ооруларды жуктуруу жана ошондой эле инфекциялык оорулар менен курөшүү аларды алдын алуу максатында иш-чараларды жүргүзөт.

Шаар ичинде ар күн сайын контролдонуучу инфекциялык оорулардын  40тан ашуун нозологиялык түрлөрү боюнча шашылыш билдирүүнүн жардамы менен көзөмөл жүргузүлүп турат. Инфекциянын булактарын, пайда болуу себептерин белгилеп,эпидемиянын келип чыгышына каршы иш-чалардарды өткөрөт.Жургузулгөн жугуштуу оорулардын анализинин жыйынтыгы боюнча, шаардын тиешелүү уюмдарына сунуш жөнөтүлөт (саламаттык сактоо уюмдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жана башкалар) Бул иш-чара жугуштуу оорулардын өсүшүн, көбөйүшүн жана медициналык жардам көрсөтүү менен байланыштуу оорулардын алдын алууга жана тарашына жол бербөө үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүзөгө ашырат.

Бөлүмдүн кызматкерлери аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, коомдук, жана башка кызматтардын адистери (айыл,шаардык,билим берүүнү башкаруу, өзгөчө кырдаалдар, токойчулук) жана башка көзөмөлдөөчү объектилерде белгиленген ченемдик укуктун негизинде алдын алуу иш -чараларынын жургузулуп, аткарылып аткандыгын көзөмөлгө алышат.Жугуштуу оорулардын айрым нозологиялык түрлөрүнун өсүшү байкалып жагымсыз эпидемиологиялык жагдай түзүлүп, жана группалык оорулардан өлүмгө алып келген учурлар каталганда эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлөт

Жугуштуу оорулардын жайылышына сезондук (тумоо, гепатит А, менингит, ж.б.) менен байланышкан алдын алуу иш-чараларын уюштурат, ошондой эле карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруларынын шаардын аймагына башка жерлерден алынып келүүдөн территорияны санитардык коргоо үчүн иш-чаралардын ашырылышын көзөмөлдөйт.

Инфекциялык оорулар боюнча суроолор жана аларды алдын алуу үчүн өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн, шаардык мэриясынын координациалык комиссиясына жана медициналык советке жөнөтүлөт.