Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо боюнча Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык кырдаалды анализдеп чыгып, статистикалык маалыматтарга таянып, 10 жуманын ичинде (03.03. дан 09.03.19 жылга чейин.) Бишкек шаары боюнча  курч кармоочуу респиратордук вирустук инфекция оорулары 24,5% азайышы байкалган. 10 жуманын ичинде 1162 учур катталса, 2018-жылы ошол эле учурда 1508 учур катталган. 2019-жылы сасык тумоо менен ооруган 1 учур, катталса былтыркы жылы  катталган эмес.

Шаар боюнча ооруну анализдегенде курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция 26,2% түзүп, порогго жетпейт. Алардын көпчүлүк бөлүгү 14 жашка чейинки балдар- 55,5%, 1 жашка чейинки -17,3%,

1-жаштагы-17%, 2-4 жаштагылар – 26,6%, 5-6 жаштагылар -18%,7-14 жашка чейин -21% түзөт.

Бишкек шаарында окуучулардын мектепке баруусуна ар жума сайын мониторинг жүргүзүү улантылып жатат. Анын негизинде 03.02.19 жылдан 09.03.19 жыл ичинде сабакка барбаган балдардын саны 1,4% 1,7% түзгөн.