Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.03.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 3-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 139 учур катталып, анын 120 лабораториялык, 19 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

139 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 123 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 11 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 22;
  • Октябрь районунда – 72;
  • Свердлов районунда – 18.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 16 кишиден жугуштуу оору катталды.

113 бейтап клиникалык белгилер, 26 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 139 учурдун ичинен 21 адам ооруканага жаткырылып, 118 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 652 үлгү келип түштү, анын ичинен 87 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.