2021-ж.06.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы
2021-жылдын 6-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 226 учур катталып, анын 182 лабораториялык, 44 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.
226 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 202 тургунуна жуккан, алардын ичинен:
- Ленин районунда – 87 учур катталган;
- Биринчи Май районунда – 37;
- Октябрь районунда – 43;
- Свердлов районунда – 35.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 24 кишиден жугуштуу оору катталды.
214 бейтап клиникалык белгилер, 12 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.
Күндүн ичинде 226 учурдун ичинен 63 адам ооруканага жаткырылып, 163 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.
Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 540 үлгү келип түштү, анын ичинен 84 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.