Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.08.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 8-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 221учур катталып, анын 180 лабораториялык, 40 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

221 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 198 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 68 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 54;
  • Октябрь районунда – 34;
  • Свердлов районунда – 42.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 23 кишиден жугуштуу оору катталды.

200 бейтап клиникалык белгилер, 21 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 221 учурдун ичинен 56 адам ооруканага жаткырылып, 165 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 119 үлгү келип түштү, анын ичинен 33 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.