Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.11.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 11-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 158 учур катталып, анын 147 лабораториялык, 11 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

158 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 134 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 54 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 28;
  • Октябрь районунда – 23;
  • Свердлов районунда – 29.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 24 кишиден жугуштуу оору катталды.

142 бейтап клиникалык белгилер, 16 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 158 учурдун ичинен 36 адам ооруканага жаткырылып, 122 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 562 үлгү келип түштү, анын ичинен 54 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.