Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.13.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 13-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 124 учур катталып, анын 92 лабораториялык, 32 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

124 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 98 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 25 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 37;
  • Октябрь районунда – 14;
  • Свердлов районунда – 22.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 26 кишиден жугуштуу оору катталды.

115 бейтап клиникалык белгилер, 9 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 124 учурдун ичинен 44 адам ооруканага жаткырылып, 80 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 121 үлгү келип түштү, анын ичинен 59 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.