Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.14.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 14-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 294 учур катталып, анын 241 лабораториялык, 53 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

294 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 258 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 103 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 35;
  • Октябрь районунда – 57;
  • Свердлов районунда – 63.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 36 кишиден жугуштуу оору катталды.

231 бейтап клиникалык белгилер, 29 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 294 учурдун ичинен 80 адам ооруканага жаткырылып, 182 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 121 үлгү келип түштү, анын ичинен 59 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.