Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.15.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 15-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 150 учур катталып, анын 116 лабораториялык, 34 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

150 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 117 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 55 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 22;
  • Октябрь районунда – 13;
  • Свердлов районунда – 27.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 33 кишиден жугуштуу оору катталды.

123 бейтап клиникалык белгилер, 9 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 150 учурдун ичинен 58 адам ооруканага жаткырылып, 82 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 795 үлгү келип түштү, анын ичинен 32 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.