Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.16.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 16-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 161 учур катталып, анын 123 лабораториялык, 38 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

161 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 139 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 56 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 32;
  • Октябрь районунда – 24;
  • Свердлов районунда – 27.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 22 кишиден жугуштуу оору катталды.

146 бейтап клиникалык белгилер, 15 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 161 учурдун ичинен 43 адам ооруканага жаткырылып, 118 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 146 үлгү келип түштү, анын ичинен 2 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.