Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.17.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 17-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 112 учур катталып, анын 65 лабораториялык, 47 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

112 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 82 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 29 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 13;
  • Октябрь районунда – 14;
  • Свердлов районунда – 26.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 30 кишиден жугуштуу оору катталды.

102 бейтап клиникалык белгилер, 10 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 112 учурдун ичинен 54 адам ооруканага жаткырылып, 58 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.