Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.18.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 18-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 120 учур катталып, анын 80 лабораториялык, 40 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

120 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 88 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 32 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 19;
  • Октябрь районунда – 12;
  • Свердлов районунда – 25.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 32 кишиден жугуштуу оору катталды.

102 бейтап клиникалык белгилер, 18 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 120 учурдун ичинен 54 адам ооруканага жаткырылып, 66 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 413 үлгү келип түштү, анын ичинен 42 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.