Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.21.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 21-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 164 учур катталып, анын 104 лабораториялык, 60 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

164 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 122 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 28 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 30;
  • Октябрь районунда – 29;
  • Свердлов районунда – 35.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 42 кишиден жугуштуу оору катталды.

143 бейтап клиникалык белгилер, 21 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 164 учурдун ичинен 79 адам ооруканага жаткырылып, 85 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 497 үлгү келип түштү, анын ичинен 39 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.