Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.22.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 22-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 262 учур катталып, анын 246 лабораториялык, 16 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

262 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 225 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 102 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 30;
  • Октябрь районунда – 52;
  • Свердлов районунда – 41.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 36 кишиден жугуштуу оору катталды.

221 бейтап клиникалык белгилер, 27 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 262 учурдун ичинен 45 адам ооруканага жаткырылып, 203 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 283 үлгү келип түштү, анын ичинен 49 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.