Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.24.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 24-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 144 учур катталып, анын 126 лабораториялык, 18 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

144 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 116 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 41 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 18;
  • Октябрь районунда – 38;
  • Свердлов районунда – 19.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 28 кишиден жугуштуу оору катталды.

109 бейтап клиникалык белгилер, 35 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 144 учурдун ичинен 43 адам ооруканага жаткырылып, 101 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 568 үлгү келип түштү, анын ичинен 35 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.