Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.25.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 25-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 102 учур катталып, анын 86 лабораториялык, 16 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

102 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 84 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 17 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 22;
  • Октябрь районунда – 21;
  • Свердлов районунда – 24.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 18 кишиден жугуштуу оору катталды.

97 бейтап клиникалык белгилер, 5 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 102 учурдун ичинен 10 адам ооруканага жаткырылып, 92 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 318 үлгү келип түштү, анын ичинен 48 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.