Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.27.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 27-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 169 учур катталып, анын 134лабораториялык, 35 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

169 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 127 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 35 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 33;
  • Октябрь районунда – 32;
  • Свердлов районунда – 27.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 42 кишиден жугуштуу оору катталды.

128 бейтап клиникалык белгилер, 15 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 169 учурдун ичинен 72 адам ооруканага жаткырылып, 71 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 348 үлгү келип түштү, анын ичинен 29 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.