Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.28.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 28-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 162 учур катталып, анын 110 лабораториялык, 52 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

1629 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 136 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 53 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 23;
  • Октябрь районунда – 25;
  • Свердлов районунда – 35.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 26 кишиден жугуштуу оору катталды.

151 бейтап клиникалык белгилер, 11 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 162 учурдун ичинен 79 адам ооруканага жаткырылып, 83 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 299 үлгү келип түштү, анын ичинен 16 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.