Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.29.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы

2021-жылдын 29-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 148 учур катталып, анын 131 лабораториялык, 17 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

148 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 125 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 50 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 22;
  • Октябрь районунда – 26;
  • Свердлов районунда – 27.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 23 кишиден жугуштуу оору катталды.

119 бейтап клиникалык белгилер, 11 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 148 учурдун ичинен 49 адам ооруканага жаткырылып, 81 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 255 үлгү келип түштү, анын ичинен 39 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.