Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.31.05. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 31-майына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 184 учур катталып, анын 147 лабораториялык, 37 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

184 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 155 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 61 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 18;
  • Октябрь районунда – 41;
  • Свердлов районунда – 35.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 29 кишиден жугуштуу оору катталды.

160 бейтап клиникалык белгилер, 24 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 184 учурдун ичинен 69 адам ооруканага жаткырылып, 115 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 486 үлгү келип түштү, анын ичинен 70 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.