Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2021-ж.1.06. Бишкек шаарындагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы


2021-жылдын 1-июнуна карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция менен ооруган 163 учур катталып, анын 150 лабораториялык, 13 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.

163 учурдун ичинен Бишкек шаарынын 132 тургунуна  жуккан, алардын ичинен:

  • Ленин районунда – 57 учур катталган;
  • Биринчи Май районунда – 17;
  • Октябрь районунда – 35;
  • Свердлов районунда – 23.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан келген 31 кишиден жугуштуу оору катталды.

155 бейтап клиникалык белгилер, 8 клиникалык белгилери жок кайрылышкан.

Күндүн ичинде 163 учурдун ичинен 35 адам ооруканага жаткырылып, 128 адам үй-бүлөлүк медицина аймактык борборунун медициналык кызматкеринин көзөмөлүндө амбулатордук дарылануудан өтүшөт.


Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын вирусологиялык лабораториясына ПЦР изилдөө үчүн 374 үлгү келип түштү, анын ичинен 39 үлгү оң натыйжасын көрсөттү.