Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

2022-жылдын 9 айында Бишкек шаарында 26 бейтап менингококк инфекциясы менен каттталды

Менингококк инфекциясы – эң оор жугуштуу оорулардын бири, айрыкча 1 жаштан 5 жашка чейинки балдардын арасында.

Бул инфекция кыш-жаз мезгилинде кучөйт.

2022-жылдын 9 айында Бишкек шаарында 26 бейтап менингококк инфекциясы менен каттталды, ал эми алардын ичинен медициналык кызматкерлеринин адамдын өмурун сактап калуу реанимация иш-чаралары жана аракеттерине карабастан 2 бейтап каза болгон.

Бейтаптардын абалынын оорлошунун себептеринин бири – медициналык жардамга кеч кайрылуу жана уй шартында өзун- өзу дарылоо болгон.

Менингит дене таабынын жогорку сандарга чейин жогорулашы менен күрч башталат.

Бейтаптын жакындары адам ооруп калган саатын так көрсөтө алышат. 1-2 күндүн ичинде бейтапта катуу баш оору, кайра-кайра кусуу, эсин жоготуу, толкундануу симптомдору пайда болот жана оорулуга мүнөздүү дененин абалы бул капталында жатуу, башын артка ыргытып, буттарын ашказанга чейин тартуу болуп эсептелинет. Тамак аштан уулануудан менингиттин маанилуу айырмачылыгы – кусуу женилдик алып келбейт.

Инфекциянын булагы ким?

Биринчи кезекте, албетте бул оорулуу адам. Менингит ооруусу аба аркылуу жугушу мүмкүн.

Оорунун натыйжасы толугу менен болбосо да, негизинен, бизден көз каранды: оорулуу дарыгерге канчалык тез кайрылса, ошончолук тез сакайып кетет. Кээде бейтапка ар бир мүнөт эсепте, тез аранын ичинде дарыгерге кайрылбаса жакын адамыныздан айрылып калышыныз мүмкүн. Оорунун биринчи белгисин байкаганда дароо дарыгерге кайрылыш керек жана үй шартында өзүн өзүү дарылоо болбойт.

Эң эффективдуу алдын алуу чаралары кайсылар? Иммунитетти көтөрүү жана физкультура менен спортту кучөтуу керек, мурун көңдөй ооруларынын алдын алууну жана дарылоону жүргүзүү.

Бөлмөлөрдү желдетуу зарыл жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп нымдуу тазалоо, озчого бала бакчаларда жана мектептерде.

Ден соолугунуз сизден көз каранды экенин унутпагыла!

Инфекция жөтөлүү жана чүчкүрүү аркылуу жугушун эске алып, алдын алууга кийинки ыкмалар зарыл:

– жайларды дайыма жана кылдат желдетип туруу;

– кунумдук нымдуу тазалоо;

– бош убактынызды сыртта өткөруу.

Оорунун кичине эле шектенуусу менен дароо дарыгерге же тез жардамга кайрылыныз