Телефон/факс +996 (312) 544-540
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
Телефон/факс +996 (312) 544-540

Эмгек жана нур коопсуздук гигиена бөлүмү

Эмгек гигиенасынын негизги максаттары болуп санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүу,жумушчулардын жумуш шарттарын жакшыртуу.Бишкек шаарында жалпы жана кесиптик ооруларды кыскартууну,өндүрүштүк кырсыктарды алдын алуу болуп саналат.

Бөлүмдүн негизги багыттары: өнөр-жай ишканаларында,чакан жана орто бизнесте санитардык көзөмөл, физикалык,химиялык факторлордун натыйжасында пайда болуучу кесиптик ооруларды алдын алуу жана ошондой эле кызматтык орундарды аттестациялоо.

Бөлум үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору менен бирге мезгил-мезгили менен өткөрүлүүчү медициналык кароону өткөрүүнү уюштуруп,зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлорлордун ишкерлерге тийгизген таасилерине байланыштуу медициналык кароону өтүчүү контингентти аныктап, аттарын тизмелерин түзөт.